Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Сапатты көзөмөлдөө системасы

Санитардык көзөмөл бөлүмү – бул дүкөндөрдүн санитардык ченемдерди сактоосун көзөмөлдөө жүктөлгөн негизги бөлүмдөрдүн бири: соода аянттарындагы тазалыкты сактоо, муздаткычтарда жана текчелерде тазалыкты кармоо, товарлардын жанаша туруусунун жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугу.

Бөлүмдүн кызматкерлери күн сайын санитардык ченемдердин аткарылуусунун сапатын текшерет жана дүкөндөрдүн директорлоруна эреже бузуулардын качуу боюнча сунуштарды берет.

Ошондой эле, ИСО 2200-2005 “КРда азык-түлүк коопсуздугунун стандарттарын башкаруу системасы жана ХАССП принциптерин жүзөгө ашыруу (тобокелдерди жана критикалык контролдук чекиттерди талдоо) менен бизде өздүк санитардык-бактериологиялык лаборатория бар. Бул лаборатория биринчи кезекте «Жеке өндүрүштө» чыгарылган продукциянын сапатын контролдойт. «Жеке өндүрүштүн» ар бир продуктусунун ар бир партиядагы үлгүсү лабораториянын аймагында атайын жайда сакталат. Сактоо продукцияны сатууда түзүлгөн абалда сакталат. Башкача айтканда температуралык режимди, нымдуулукту сактоодо ж.б. Жарамдуулук мөөнөтү бүткөн учурда үлгүлөр лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлөт, жыйынтыктары технологдорго берилет. Андан кийин зарыл учурда технологдор өндүрүш процессине байланыштуу кошумча чечимдерди алышат.

Санитардык контрол бөлүмүнүн кызматкерлери – бул өлкөбүздүн текшерүүчү санитардык-эпидемиологиялык органдарында жумуш тажрыйбасына ээ жогорку квалификациялуу адистер. Бул бөлүмдүн жетекчиси Кыргыз Республикасында тамактануу гигиенасы боюнча көз карандысыз эксперт болуп саналган Мухтасар Азимходжаев.