Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Компанияда иштөөнүн артыкчылыгы

Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон Globus ири дүкөндөр тармагында 1000ден ашык киши иштейт.

Эгер сиздин жакындарыңыз жана туугандарыңыз биздин чоң жана ынтымактуу командага кошулууну кааласа – тез аранын ичинде аларган биздин эмгекти сүйгөн, чынчыл жана жоопкерчиликтүү кызматкерлерди үзгүлтүксүз кабыл аларыбызды билдириңиз! Биз тынымсыз өнүгүүдөбүз, биз бир орунда турбайбыз, жаңы дүкөндөр тынымсыз ачылгандыктан ар бир адамга орун табылат!

Биздин компаниянын кызматкерлерине төмөнкүлөр кепилдик берилген:

  • КР мыйзамдарын сактоо;
  • Эмгек акыны татыктуу төлөө;
  • Кошумча материалдык мүмкүнчүлүктөр: айдын аягы боюнча сыйлыктар, мыкты насаатчы болгону үчүн сыйлык берүү, адистиги боюнча мыктыларга баалуу белектер;
  • Өз учурунда, кармап калуусуз жана үзгүлтүксүз берилген эмгек акы. Өз учурунда берилген эмгек акы – бул азыркы күндө жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, пенсиялык куракка келген учурда дагы камсыз болуу ишенимдүүлүгү;
  • КР ЭК ылайык келген, ийкемдүү, ыңгайлуу жумуш убактысы;
  • КР ЭК ылайык социалдык камсыз кылуу (акы төлөнгөн эмгек жана декреттик өргүү, орулуу картасын ачтыруу жана башка);
  • Биз эмгек тажрыйбасын талап кылбайбыз, биз баарын өзүбүз үйрөтөбүз. Вакансияга, анын ичинде жетекчилик курамга алуу конкурстун негизинде жүргүзүлөт, ички конкурстар боюнча өткөн талапкерлерге артыкчылык берилет: 7 дүкөндүн 7 директору карьераларын компанияда сатуучу позициясынан башташкан;
  • Ынтымактуу коллектив.

                         

Компаниянын кызматкерлерине коюлган негизги талаптар:

  • Чынчылдык. Уюм кызматкерлердин ак ниет менен иштөөсүн каалайт, ал эми кызматкерлер өз кезегинде компанияда эртеңки күнү үчүн ишенимдүү болушу зарыл. Биз компаниядагы уурулукка, кардарлардын жана кызматкерлердин мүмкүн болгон уурулук жасоосуна бирдей карайбых. Мисалы, кардарга ашыкча төлөтүүдө же ага жарамдуулук мөөнөтү өткөн товарды сатууда кызматкер сөзсүз түрдө жумуштан алынат.
  • Боорукердик жана ачыктык. Көңүлдүү жана жылмаюу менен кабыл алган дүкөнгө кирүү жагымдуу. Биз ак көңүл, элдерге, кызматкерлерге урматтоо менен мамиле жасагандарды издейбиз. Адамдарга чын жүрөктөн жардам берүү жана кызмат көрсөтүү – биз жумушка кабыл алууда байкоого аракет кылган чанда кездешкен сапат.
  • Жоопкерчиликтүүлүк. Ар бир кызматкер жалпы жыйынтыкка өз салымын кошот. Ар бир кызматкердин кошкон салымы абдан маанилүү. Ошондуктан кызматкерге коюлган негизги талаптардын бири компетенциясынын алкагында аткарган ишинин сапаты жана өз учурунда аткарылуусу.
  • Жалпы ишти аткарууга болгон каалоо. Кызматкер баарыбыздын бир «кемеде» экенибизди түшүнүүсү зарыл. Коллективдеги эки тараптуу мамиле, бири бирин түшүнүү командага алынып жаткан адамдар үчүн маанилүү.