Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Компания жөнүндө

Globus дүкөндөрү – Кыргызстандагы ири соода тармактарынын бири! Биздин  дүкөндөр биринчиден сатып алуучуга карата ак ниеттүүлүк жана жакшы  мамиленин негизинде түзүлгөн.

Биз ийгиликке жетүү үчүн узун жолду басып өттүк. Албетте, татаалдыктар  болду, ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келди.  Араттерибиздин натыйжасында бардык кыйынчылыктарды жеңе алдык.

 

Бизди бир гана идея бириктирди: биз таза иштөөгө мүмкүн экендигин  далилдегибиз келди!

2015-жылдын 19-мартында 7-микрорайондо Аалы Токомбаев көчөсүндө 53/1 (Түштүк магистралы) эң алгачкы Globus ачылган.

Алгач баары ойлогондой ийгиликтүү болгон жок, себеби Бишкек шаарынын жашоочулары көлөмдүү маркеттерге көнүшкөн эмес болчу. Аларда мындай чоң дүкөндөрдө баары кымбат сыяктуу ой болгон. Бирок убакыттын өтүүсү менен элдер бааларды салыштырды, бири бири менен бөлүштү жана оозеки түрдө бири биринен биздин дүкөн тууралуу угушту.

Аягында биз тууралуу кабардар болушту. Биз кийинки кадамды жасап, шаардын түштүк бөлүгүн камтуу менен гана чектелбей анын четине чыгууну дагы чечтик.

Экинчи дүкөн Сокулукта 2016-жылдын 22-июлунда ачылды. Дүкөндүн ачылыш күнүнө 2000ге жакын адам чогулду. Жергиликтүү элдин ыраазы болгон көз караштарына күбө болуп, биз андан дагы көбүрөөк шыктандык.

Үчүнчү дүкөн 2016-жылдын 9-декабрында Лев Толстой көчөсүндө ачылды. Ошол күнү аба-ырайы абдан суук болуп, бирок дүкөндүн ачылышына аябагандай көп адам чогулду жана парковканын дээрлик жарымы толду!

Кийинки дүкөндүн ачылышына биз негиздүү даярданууну чечтик: ачылыш күнү катары «Бишкек» шаарынын күнүн тандап алдык. 2017-жылдын 29-апрелинде ЖЭБдин маңдайында Globus 4 ачылды. Дүкөндүн ачылышында көңүл ачуучу шоу-программалар уюштурулуп, Ата-мекендик эстраданын жылдыздары чакырылды. Адамдардык бактылуу көздөрү бизге мунун бир нерсенин чеги эмес экендигин көрсөттү. Дүкөн жергиликтүү жашоочулардын арасында дароо ийгиликке ээ болду, себеби көпчүлүгү Лев Толстойдогу Globus дүкөнүбүзгө көнүп калышкан болчу.

Убакыт өттүп жатты, биз курулуп келе жаткан жаңы конуштарды көңүл сыртында калтыра алган жокпуз.

Катардагы дүкөн Ак-Өргөөдө 2017-жылдын 4-августунда ачылды. Бул эсеп боюнча бешинчи дүкөн болчу. Жаңы конуштун жашоочулары арзан баалар үчүн абдан кубанышты.

Кийинки эки дүкөндү бир туугандар деп атайбыз. Себеби алар Бишкекте бир жумалык айырма менен ачылышты: Көк-Жардагы Globus 6 2017-жылдын 17-августунда, ал эми Туңгучтагы Globus 7 – 2017-жылдын 25-августунда ачылды.

Жакында эле биздин түз байланышка Ош шаарынын тургуну болгон бир мырза чыкты. Ал Бишкекте болгонун жана дүкөндөрүбүздүн бирине киргенин айтты. Ошондой эле ушул сыяктуу эле форматтагы дүкөндү Ош шаарында ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Себеби ал өзүнүн шаарын жана анын жашоочуларын жакшы көрөт. Биз «Эмнеге болбосун?!» деп ойлондук. 2018 -жылдын 7-декабрында Globus "Ош" гипермаркети эшигин ачты. Андан кийин, бир жума өткөндө, маркеттин 15 жана 2-экспресс формат дүкөнү ачылды. Бул дүкөндүн башкалардан айырмасы анын өлчөмүндө гана эмес - бул "Food to go" зонасы пайда болгон маркеттин биринчи дүкөнү! 2019-жылдын 22-февралында Кызыл Аскер кичи районунда 16-Globus дүкөнү ачылды. 17-дүкөн Токмок шаарында 2019-жылдын 26-апрелинде ачылды.

Биз убада кылгандай: "Ар бир кыргызстандыкка Глобус!"

Үчүнчү катары Globus - Экспресс жана 18-дүкөн 2019-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүндө Чоң -Арык айылында ачылды. Ачылыш күнү Балдар күнүнө туш келгени үчүн, театрлаштырылган жана цирк шоу программасы уюштурулган, кичинекей коноктор үчүн көптөгөн конкурстар, белектер жана таттуу сый тамактар ​​уюштурулду. Ал ортодо чоңдор эстрада жылдыздарынын угуп, соода кылып жатышты.

2019-жылдын июнь айы дагы 2 дүкөндү ачууга мүмкүндүк берди, Александровка айылында жана Кара-Балта шаарында.

Александровкадагы жаңы Globus дүкөнү Фрунзе көчөсү, 106А дарегинде жайгашкан. Бул конуштун башкы көчөсү гана эмес, республика боюнча эң маанилүү  Бишкек - ​​Ош магистралдын бир бөлүгү. Ошентип, Александровкадагы "Береке" Globusу айылдыктардын сүйүктүү жолугушуу жерине жана бардык саякатчылар үчүн эң сонун токтоочу жайга айланат.

Ал эми Кара-Балта шаарында 21-июнда Globus тармагынын 20-чы (!) супермаркети салтанаттуу түрдө ачылды. Бул күнү коноктор эстрада жылдыздарын угуп жана балдар үчүн атайын шоуну көрүштү. Албетте, эч ким белексиз жана арзандатуусуз калган жок.

Мунун баары Кара-Балта шаарынын жашоочулары жана Бишкек-Ош жолун бойлой жүргөндөр үчүн жаңы сүйүктүү жердин жашоосунун башталышы гана.

2019-жылдын күзүндө 501 жана 120/1 Жибек-Жолу көчөлөрүндө дагы 2 дүкөн эшигин ачты.

 2020 -жылдын январь айында 23 -дүкөн Рабочий Городокто ачылган.

Компания үчүн жана Globus тармагында соода кылууну каалагандар үчүн маанилүү окуя анын интернет-дүкөнүнүн ачылышы болду: www.globus-online.kg. Эми Globusтан бардык товарларды сатып алуу андан да оңой - каалаган жерде жана каалаган убакта! Globus интернет-дүкөнүнүн сайтында тармактын дүкөндөрүндө жеткиликтүү болгон бардык товарлар камтылган.

2020-жыл пландарыбызга бир аз түзөтүүлөрдү киргизди жана биз өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ачылыштарды массалык иш-чараларсыз өткөрдүк. Globus Медеров көчөсүнүн 44/1 дарегинде, Балыкчы шаарында Абдрахманов көчөсүнүн 13/2 дарегинде, Аламүдүн айылында Алма-Атинская көчөсү 375а дарегинде, ошондой эле 2 дүкөн "Бишкек-Сити" жана "ЦУМ" борборлорунда ушундайча ачылган.

2020-жылдын аягы жана 2021-жылдын башталышы абдан жемиштүү болду жана биз республикабыздын түштүк бөлүгүндө кеңейе алдык. Globusту Өзгөндө жана Базар-Коргондо ачтык. Ошондой эле Каракол шаарынын тургундары Жусаев көчөсү 129 дарегиндеги дүкөндүн ачылышына кубанышты.

32-дүкөн Аламүдүн айылында Алматы көчөсү 6В боюнда ачылды.

33-дүкөн Жалда Ахунбаев көчөсү 196 ачылды.

24-сентябрда Бишкектин эл көп жүргөн райондорунун биринде, Москва көчөсү, 100 дарегинде, бишкектиктерге жакшы тааныш "Береке" соода үйүнүн ордунда жаңы Globusа ачылды. Айтмакчы, Globus Бишкекте жана шаарга эң жакын аймактарда ачылган "Моссовет" дүкөнү 25-"юбилейлик" дүкөнү болуп калат.

Аянты 354 чарчы метр болгон маркет 2021-жылдын 19-октябрында совет мезгилинде курулган "Байчечекей" балдар дүйнөсүнүн ордуна ачылды. Аны реконструкциялоо чечими шаардыктардын бул бөлүгүндө үйдөн жөө аралыкта арзан баада жана жагымдуу арзандатуулары бар Globus маркетин ачуу боюнча көптөгөн сурамдары менен байланыштуу. Globus маркетинин ачылышы жөнүндөгү кабар бир нече билим берүү мекемелери жайгашкан "студенттик райондун" жаштарын да кубандырды. Окуу сабактардын ортосунда дүкөнгө кирип суусундуктар жана түшкү тамактар ​​үчүн чуркасаңыз болот - муздаткычтарда дайыма "Баатыр" брендинин жаңы бутерброддор, хот догдор, гамбургерлер жана чизбургерлер бар.

2021-жылдын 28 жана 29-декабрында Бишкек шаарында төмөнкү даректерде жайгашкан дагы эки Globus дүкөнү ачылганын кубануу менен билдиребиз:

Щербаков көчөсү 18 ( Магаданский көчөсү менен кесилишет);

Айтиев көчөсү 17/1 (Сухэ-Батор жана Куттубаев көчөлөрүнүн ортосунда), «Асанбай» кичи району.

Жаңы ачылган дүкөндөр жаңы жылдык майрамдардын алдында эшигин ачышты. Эми шаардын түндүк жана түштүк аймактарынын жашоочулары үчүн арзан баада сатып алууларды жүргүзүү ого бетер ыңгайлуу. Анткени сиздер үчүн Жаңы Жыл алдында жаңы дүкөндөрдүн эшигин ачуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшадык.

2022-жылдын башталышы өлкөбүздүн аймактарында, өзгөчө түштүк бөлүгүндө 7 дүкөндүн ачылышы менен белгиленди.

Биз барган сайын максатыбызга жакындап баратабыз жана муну менен токтоп калууну көздөбөйбүз!) Дагы бир аз убакыт жана ар бир кыргызстандыктын өзүнүн Глобусу болот! Учурда Globus дүкөндөр тармагында 45 дүкөн бар. Алардын ичинен: 6 гипермаркет, 28 супермаркет, 8 экспресс дүкөн жана 3 Береке дүкөнү.

Жаңылыктарды жана жаңы ачылыштарды ээрчиңиз!

Жана айтмакчы, ооба! Globus тармагында баалар дайыма төмөн!