Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Эмгекти коргоо

«Эмгекти коргоо» кызматы биринчи кезекте биздин кызматкерлердин ишмердиги үчүн коопсуздук шарттарын камсыз кылууга, андан кийин көзөмөлдөөгө багытталган.

Биз кызматкерлерди жумуш ордунда ден соолук жана өмүр үчүн коопсуз болгон шартты окутуубуз зарыл. Себеби эмгек ишмердиги ар дайым жумушчуга мүмкүн болгон коркунучтуу жана өндүрүштүк факторлордон турат.

«Эмгекти коргоо» кызматы – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ар бир мекемеде зарыл болгон маанилүү түзүмдөрдүн бири жана биздин компанияда мындай бөлүм компания негизделген күндөн тарта бар. Албетте, жыл өткөн сайын «Эмгекти коргоо» кызматы кызматкерлердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу кеңейүүдө.

Эмгек мыйзамдарына ылайык, жумушка кабыл алынууда компаниянын келечектеги кызматкелери кызмат ордунан көз карандысыз «киришүү нускамаларынан» өтөт. Андан кийин түздөн түз өндүрүштүк шартта «жумуш ордундагы алгачкы нускамадан» өтөт. Ошондой эле, белгилүү мезгилде нускамалар кайталанып турат жана бир дагы кызматкер аны унутпашы жана өзүнүн же кесиптешинин ден соолугуна же өмүрүнө жумуш урунда зыян келтирбеши үчүн билимди текшерүү жүргүзүлүп турат.

«Эмгекти коргоо» кызматы кызматкерлердин коопсуз эмгек шарттарын гана көзөмөлдөбөстөн, иш орундарынын, өндүрүш жайларынын жана аймактын объектттеринин санитардын абалын көзөмөлдөйт.

Административдик-башкаруу кызматкерлери менен тренингдер өткөрүлүп турат: жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча; өрт учурунда же табият кырсыгы болгон учурда жасоочу иш-аракеттер боюнча; мүмкүн болгон физикалык же электрдик травматизмди аныктоо боюнча; эмгекти коргоо боюнча пландык жана пландан тышкары иш-чараларды каттоону өткөрүү жөнүндө; ж.б.