Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Эске сактаңыз! Чемоданды кантип туура жыйноо керек?

Эске сактаңыз! Чемоданды кантип туура жыйноо керек?
баштап 27.04.24 чейин 27.04.24

Биздин кеңештер:

1. Тажрыйба жүргүзүңүз

Аскер кызматкерлеринин көп берген кеңеши – сапарга чыгууга эки күн калганда бир нече жолу чемоданды жыйноо жана чачуу. Сиз муну менен колуңузду эпке келтиресиз жана кийин зарыл нерсени бат таап алуу үчүн чемодаңызда эмнени кайсы жерге салгаңызды эске сактап каласыз.

2. Тоголоктоңуз, түрүңүз жана байлаңыз

Буюмдарыңыз бирдиктүү формада жана көлөмдө болуусуна аракет кылыңыз. Бул учурда алар бири бирине биригип, аз орун ээлейт. Куртка же уктоочу мүшөк сыяктуу көлөмдүү буюмдарды токолоктоо туура. Алар кайра жайылып кетпөөсү үчүн боо менен байлап коюу зарыл.

3. Буюмдарыңызды тескери тартипте салыңыз

Баштыкты жыйноонун эң ыңгайлуу ыкмасы – бул буюмдарды тескери тартипте жыйноо. Эгер кийинчерек зарыл болгон буюмдарды түбүнө койсоңуз жеңил болот. Мисалы, эгер күндүз учуп келсеңиз, анда пляжга колдончу буюмдарыңызды үстүнө, джинса жана кофталарыңызды тубүнө коюңуз.

4. Чемодандагы салмакты бөлүңүз

Баштыкты көтөрүү жеңил болушу үчүн аны оюңузда үч бөлүккө бөлүңүз. Төмөнкү бөлүм салмагы боюнча орто, ортосу – эң оор, ал эми үстү жеңил болуусу зарыл. Мындай абалда баштыкты көтөрүү жеңилирээк жана омурткаңыз үчүн дагы зыяндуу эмес.

5. Керектүү нерсени гана алыңыз

Өтө көп буюмду жаныңызда алып жүрүүнүн кереги жок. Бардык күтүлбөс абалдарга даяр болуңуз, бирок ашыкча нерсени албаңыз. Чемоданды жыйноо учурунда буюмдарыңызды негизги жана экинчи баскычтагы катары бөлүңүз. Алгач баштыкка бардык негизги буюмдарды, бош орун болгон учурда гана экинчи баскычтагы буюмдарды жайгаштырыңыз.

6. Буюмдарыңызды өзүнчө каптамаларга салыңыз

Буюмдар тыкан жайгашуусу үчүн аларды чоң эмес каптамаларга топтоп салыңыз. Биринчи керектөөдөгү буюмдарды – дарыларды, телефонду, документтерди ж.б. өзүнчө баштыкка салыңыз.

Ал эми калган буюмдарды өзүнчө топтоңуз: туалет буюмдары, электрприборлору, пляж буюмдары.

7. Идеалдуу чемодан табыңыз

Идеалдуу чемодан Сизге түсү, дизайны, сыйымдуулугу боюнча туура келиши керек. Көп убакыт коротуңуз, бирок баары батаарына ишенимдүү болуңуз.

Тизмеге кайтуу