Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

GLOBинспектор

Кымбаттуу кардар, биз сиз үчүн күн сайын мыкты, пайдалуу жана ыңгайлуу болууга умтулабыз! Биздин иш жөнүндө сиздин пикириңиз биз үчүн абдан маанилүү. «GLOBинспектор» долбооруна катышып биздин команданын мүчөсү болуңуз.

 

* Долбоорго катышкандарга акы төлөнөт.

 

Долбоордун (GLOBинспектор) катышуучулары бизге дүкөнгө соода кылуу үчүн келип, ошол эле учурда дүкөндү текшерүү жүргүзүшөт.

 

Бул кандай иштейт?

Эгер сизди долбоорго катышуу кызыктырса, бизге (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна «Я тот кто вам нужен» деген коддуу фразаны жөнөтүңүз.

 

Андан кийин:

  • Сиз дүкөнгө соода кылуу үчүн келесиз;
  • Сатып алууларды жасоодо текшерүү баракчасына ылайык соода залдарын сүрөткө тартасыз (буга шилтемени биз сиздин статусуңузду «GLOBинспектор» катары ырастагандан кийин жөнөтөбүз).
  • Текшерүү баракчасын толтургандан кийин (WhatsApp, Telegram) +996 701 555 805 номуруна “Текшерүү аяктады” деген текст менен дагы бир билдирүү жөнөтөсүз;
  • Биз: «Спасибо, дело сделано!» деп жооп бергенден кийин топтоочу картаңызга 500 бонус чегерилет. 1 бонус = 1 сом.

Дүкөн текшерүү деген эмне?

Бул дүкөндүн тармактын стандарттарына ылайык келиши. Текшерүү үчүн дүкөнгө барып, текшерүү баракчасына ылайык сүрөттөрдү тартуу керек. Текшерүү баракчанын үлгүсү.

 

Текшерүүдөн мурун:

  • Планшетиңизди же смартфонуңузду даярдаңыз;
  • Топтоочу картасын жаныңызга алыңыз;
  • Текшерүү баракчасын жакшылап карап чыгыңыз.

Текшерүүдөн мурун текшерүү баракчасын басып чыгаруунун кереги жок, жөн гана өзүңүз менен телефонуңузду алып, текшерүү баракчасын карап, мисалда көрсөтүлгөндөй сүрөт тартыңыз.

 

Маанилүү!

  • Текшерүү жүргүзүү учурунда кассадан алган чекке ылайык текшерүүнүн убактысын жана датасын белгилөө;
  • Сүрөттөр текшерүү баракчасында көрсөтүлгөн тартипте жөнөтүлүшү керек;
  • Сүрөттөр сапаттуу, бозорбогон, тунук жана даана көрүнүп турушу керек. Сүрөттөрдүн түсү өзгөрбөшү кажет жана фильтрленбеши керек;
  • Үйгө келгенден кийин 5 сааттын ичинде анкетаны толтуруңуз.

Кандай учурда отчётуңуз кабыл алынбашы мүмкүн?

  • Отчётто үчтөн ашык сүрөт болбосо;
  • Сүрөттөр сапаты начар жана алар боюнча баалоого болбойт;
  • Сүрөттөр текшерүү баракчасынын тартибинде жайгашкан эмес;
  • Анкета толтурулган эмес.

 

«GLOBинспектор» программасынын катышуучусунун суроолоруна жооптор

«GLOBинспектор» программасына кимдер мүчө боло алышат?

  • Дүкөндүн мурунку жана азыркы кызматкерлери катышууга болбойт;
  • Катышуучуда дүкөндөр тармагынын топтоочу картасы болушу керек жана дүкөндөн айына 2 жолудан кем эмес сатып алууларды жүргүзүшү керек.

Текшерүү канча убакытка созулат?

  • Орточо текшерүү 20 мүнөткө созулат.

Программанын катышуучусу канча жолу текшерүү жүргүзө алат?

  • Катышуучу айына бир жолу текшерүү жүргүзө алат.

Текшерүү баракчасын ача албай жатам, эмне кылышым керек?

  • Текшерүү баракчасы ачылбаса, авторизациядан өткөнүңүздү текшериңиз. Сурап-​​билүү телефону: +996 701 555 805.

Дүкөндүн кызматкерлери мага байланышка чыкты, мен эмне кылышым керек?

  • Кызматкерлер менен кат жазышууга болбойт. Өз ара аракеттенүүгө аракет кылганы боюнча дароо бизге кабарлаңыз. Байланыш телефону: +996 701 555 805.