Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Пасха үчүн жумурткаларды боёонун өзгөчө ыкмасы

Пасха үчүн жумурткаларды боёонун өзгөчө ыкмасы
баштап 29.03.24 чейин 29.03.24

 Декупаж жумурткасы

Пасха жумурткасын сүрөт менен кооздоо үчүн аны декупаж техникасы менен кооздосоңуз болот. Декупаждоо көп убакытты, көп мээнетти талап кылбайт жана натыйжасы күткөнүңүздөн да жакшы чыгат. Ал үчүн алгач жумуртканы кайнатуу керек. Анан кооз кагаз салфеткасын тандап алып, анын четин кесип, бизге жаккан кооз бөлүгүн калтырабыз. Сүрөттүү салфетаны жумурктанын кабыгына бекем жабыштырып, желатин клейин же болбосо жүгөрү же картошка крахмалынан жасалган крахмал клейстерин кисточка менен сүрөттүн үстүнө сүйкөйбүз. Негизгиси – бардык бырыштарды текшилеп, кабыктагы жука кагазды жумуртканын кабыгына бекем жабыштыруу керек. Эми кургагыча күтө турабыз, мына, винтаждык белегибиз даяр.

 

Тизмеге кайтуу