Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Биз муну чогу жасайбыз!

04.01.2022

2021-жылдын 10-11 жана 21-22 декабрь айында кеңсе кызматкерлери дүкөндөргө барып, Жаңы 2022 жылдын алдында жумуш көбөйгөн учурда кесиптештерине жардам беришти.

 

Мындан тышкары, кеңсе кызматкерлери үчүн – бул өзү үчүн жаңы тажрыйбага ээ болуу, дүкөндүн ичиндеги иш процессин толук түшүнүү, операциялык процесстерге пайдалуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, кесиптештери менен таанышуу, ал эми эң негизгиси өзүн ар дайым жардам берүүгө даяр болгон чоң жана ынтымактуу команданын бөлүгү сезүү мүмкүнчүлүгү болду!

 

Бул күндөрү “майданга” чыккан кесиптештер дүкөндөрдөгү текчелерге товар тизишти, баалыктарды алмаштырышты, баалардын шайкештигин текшеришти, товарларды таңгакташты ж.б.

 
Эң оор жумуш көмүскөдө калып калышы мүмкүн. Көбүнчө биз текчелерде кооз тизилген жана таңгакталган товарларды көргөнгө көнүп калганбыз. Бирок анын аркасында дүкөн кызматкерлеринин кандай эмгеги жатканын көп аңдай бербейбиз.

 

Дүкөндөрдө иштегенден кийин кеңсе кызматкерлери өздөрүнө жаңы атмосфераны сиңиришип, бир катар нюанстарды аныкташты.

 

Ал нюанстарды өзгөртүү менен компания жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот жана бул албетте сатып алуучулар жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана жайлуу болмокчу.

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу