Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Жаңы Жыл - жаңы Globus дүкөндөрү менен!

29.12.2021

Жаңы Жыл - жаңы Globus дүкөндөрү менен!

Globus дүкөндөр тармагы сиздерди келе жаткан Жаңы жылдык майрамыңыздар менен куттуктап, Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө жакшылык, ден соолук жана бакубатчылык каалайт.

28 жана 29-декабрда Бишкек шаарында төмөнкү даректерде жайгашкан дагы эки Globus дүкөнү ачылганын кубануу менен билдиребиз:

  • Щербаков көчөсү 18 ( Магаданский көчөсү менен кесилишет);
  • Айтиев көчөсү 17/1 (Сухэ-Батор жана Куттубаев көчөлөрүнүн ортосунда), «Асанбай» кичи району.

Ар бир кыргызстандык - Globus’ка.

Жаңы ачылган дүкөндөр жаңы жылдык майрамдардын алдында эшигин ачышты. Эми шаардын түндүк жана түштүк аймактарынын жашоочулары үчүн арзан баада сатып алууларды жүргүзүү ого бетер ыңгайлуу. Анткени сиздер үчүн Жаңы Жыл алдында жаңы дүкөндөрдүн эшигин ачуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшадык. Себеби Globus дүкөндөр тармагында баалар ар дайым төмөн!

Тармактын башка дүкөндөрүндөгүдөй эле, жаңы дүкөндөрдүн текчелери майрамдык азык-түлүктөргө эле гана эмес, товарларга толгон. Бул жерден сиздер жакын адамдарыңыздарга, досторуңуздарга жана жаш балдарга белектердин түрүн таба аласыз. Ошондой эле, жаңы жана сапаттуу азык-түлүктөр, деликатестер жана сапаттуу суусундуктар бар. Жаңы жана сапаттуу тамак-аш жана деликатес азыктары, балдар үчүн, үй жана кеңсе үчүн товарлар, үй жаныбарлары үчүн товарлар, суусундуктар, өзүбүздүн өндүрүштүн жана өздүк бренддердин буюмдары жана башка көптөгөн нерселерди таба аласыз.

Эң негизгиси, 2022-жылдын 15-январына чейин бардык Globus дүкөндөрүндө 50 пайызга чейинки ар түрдүү ассортименттеги майрамдык арзандатуулар күчүндө экенин унутпаңыздар!

Үй-бүлөлүк бюджетти реалдуу үнөмдөө менен жагымдуу жана пайдалуу сатып алууларды жасаңыз.

Биз ар бириңиздердин биздин дүкөндөн бүгүн, эртең жана ар дайым келип соода кылууңузду күтөбүз!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу