«Менин үйүм»: ар бир деталда туулган жердин жылуулугу бар
Кээде үйүңдү өзүң менен ала кетесиң. Чемоданда эмес, телефондо эмес, андан тереңирээк. Анда балалыктын жыты, жакындарыңдын үнү угулган жана терезеден түшкөн таңкы жарык - дүйнөнүн өзгөчө сезилген жери.
Үй — бул дубал же чатыр эмес. Үй — бул жан дүйнө тынчтык таба турган жер. Апалар жапкан нандын жыты, чайы өзгөчө даамдуу сезилген, убакыт жай өтүп жаткандай болгон жер. Ар кимдин өз үйү бар. Бирок кулак төшөсөң, анын ичинде дайыма Кыргызстан жаңырып турат.
Балким, ошондуктан Globus менен Jandan’дын «Менин үйүм» идеясы адамдардын жүрөгүнө ушунчалык жакын. Бул жөн эле нерселер эмес. Бул — өзүбүз менен кошо көтөрүп жүргөн нерселер: эскермелерибиз, өз жерибиз, үй деген сезим, бизди бүгүнкүдөй кылып тарбиялаган жерлердин элеси тууралуу.
- Бул — кадамдардын жана жолугушуулардын ыргагы менен жашаган, базарлары шаңдуу Чүй облусунун жылуу шамалы. Эртең менен кофе менен жаңы нан жыттанган, кечинде ашканадагы маектерге толгон жер.
- Бул — Ысык-Көл облусунун тунук деми. Асман чагылган көл, жээги жоктой сезилген мейкиндик. Бул жерде үй — чексиздикке кетип жаткан горизонт сыяктуу.
- Бул — Нарын облусунун сүрдүү жана сыймыктуу сулуулугу. Тоолор, таза аба, жымжырттык. Ал эми түнкү жылдыздар ойлоруңдан да жакын көрүнөт.
- Бул — Ош облусунун жашыл берекеси. Күнгө толгон бактар жана кылымдар бою адамдар басып өткөн байыркы жолдор.
- Бул — Талас облусунун жумшак адырлары менен тынчтыгы. Бул жерде үй — шашпай жашоонун, тереңдик менен нарктын белгиси.
- Бул — Жалал-Абад облусунун түштүк жылуулугу. Жаңгак токойлору, чөптөрдүн жыты жана табият өзү сени менен сүйлөшүп жаткандай сезим.
- Бул — Баткен облусунун кыймылы менен энергиясы. Күнгө бай, эмгекчил, өз жерин бекем кармаган адамдардын аймагы.
Кайсы жерде жүрбө — ызы-чуулуу шаардабы же өлкөдөн алыс жактабы — мунун баары сенин ичиңде жашай берет.
JANDAN: «Бул футболкаларды кийген адамдардын жүрөгүнө жеткен дизайн жаратуу үчүн көп ойлондук, издендик. Ар бир аймактын өзүнүн символдору — “визуалдык архиви” бар: картадагы орду, ошол аймакта эң жакшы көрүлгөн даамдар, дал ошол жерде өскөн өсүмдүктөр менен жашаган жаныбарлар, бир караганда эле таанылган архитектуралык жайлар жана, албетте, биздин кооз тоолор! Баарын бириктирип, абдан жылуу жана жарык коллекцияны жараттык».
«Менин үйүм» — Globus’тун туулган жерге арналган бешинчи коллекциясы. Футболкалар чектелген санда чыгарылып, алардын көпчүлүгү туруктуу кардарларга белек катары берилет.
Каалоочулар үчүн алар төмөнкү дүкөндөрдө сатыкта болот:
- Globus 1 (Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 53/1, Сухэ-Батор көчөсү менен кесилишет);
- Globus 4 (Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 41б);
- Globus 11 (Бишкек шаары, «Ала-Арча» соода борбору, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 299в);
- Globus 14 (Ош шаары, Шакиров көчөсү, 275);
«Менин үйүм» дайыма жаныңда. Кээде жөн гана өзүңө ошону эстетип коюу керек
Жаңылыктардын тизмесине кайтуу
