Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Биз өнүгүп-өсүүдөбүз жана өлкө боюнча кулачыбызды ишенимдүү кенен жаюудабыз!

09.06.2023

2023-жылдын 9-июнь күнү Байтик айылында жаңы Globus дүкөнү эшигин ачты.  Ал А.Раимбеков көчөсү, 1Б/1 дарегинде жайгашкан. 


Globus – Кыргызстандагы ири соода түйүндөрүнүн бири, ал бир нече форматта: гипермаркет, супермаркет жана «экспресс», ошондой эле алкоголдук жана чочко азыктарын сатпаган «Береке» форматындагы дүкөндөрдөн турат.  Мындан тышкары тармакта www.globus-online.kg интернет дүкөнү бар.  Globus интернет-дүкөнүнүн сайтында тармактын дүкөндөрүндө бар товарлардын көпчүлүгү жайгаштырылган, бул сатып алууларды каалаган жерде жана каалаган убакта жүргүзүүгө болот дегенди билдирет. 
Тармактын негизги артыкчылыктарынын бири – кардарларга арзан баада акциялык сунуштарды жана товарлардын кеңири ассортиментин сунуш кылат.
Түйүндүн сыймыгы — өздүк өндүрүштүн азыктары.  Салаттардын жана закускалардын кеңири тандоосу, уй, тоок жана балык этинен жасалган ысык тамактардын түрлөрү, нан азыктары, нан жана кондитердик азыктар өздүк өндүрүштүн ашпоздору тарабынан кылдаттык менен жана мээримдүүлүк менен даярдалган.

Globus'ка кош келиңиз!

Бул жерде сиз ар дайым жагымдуу атмосферада соода кылуудан ырахат алып, өзүңүзгө жана жакындарыңызга керектүү нерселердин баарын таба аласыз.

Ар бир кыргызстандык үчүн бирден Globus!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу