Globus, "Бишкексүт" жана Tazar App'тан биргелешкен конкурс.
@bishkeksut жана @tazar.app менен биргелешкен акциябызга катышыңыз жана айлана-чөйрөгө пайда алып келиңиз!
Кайра иштетилүүчү материалдарды Globus супермаркеттеринин жанындагы кабыл алуу жайларына же Tazar App тиркемеси аркылуу тапшырып, сонун байгелердин бирин утуп алууга мүмкүнчүлүк алыңыз!
Конкурска катышуунун шарттары:
- Кайра иштетилүүчү материалдарды Globus кабыл алуу пункттарына же Tazar App тиркемеси аркылуу тапшырыңыз;
- Сүрөттү сториске жайгаштырып, @bishkeksut, @globuskg жана @tazar.app белгилеңиз.
Жума сайын @bishkeksut баракчасында жеңүүчүлөр түз эфирде тандалат. Апрель айында эфирлер 10- 17- жана 24-апрелде болот. Өткөрүп жибербеңиз!
Маанилүү маалымат! Эмнелерди кайра иштетүүгө болот?
- Пластик( бөтөлкөлөр, таңгактар, капкактар, тиричилик химиясы жана косметиканын идиштери);
- Макулатура (Кагаз, эски дептерлер, китептер, чектер, картон ж. б.)
- Ак жана жашыл айнек идиштер
- Калай жана алюминий банкалар
Жана ката кетирүүдөн коркпоңуз, анткени бардык таштандылар станцияларда кайра жаңыдан сорттолот.
Кыргызстаныбызды сиздер менен биргеликте тазараак кылалы!
Жаңылыктардын тизмесине кайтуу