Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus эми Бишкек шаарынын түндүк тарабында!

16.11.2022

Globus өлкө боюнча кулачын кенен жаюуда жана жаңы дүкөндөрдүн ачылышы менен кыргызстандыктарды кубандырууда! 


Эми борбор калаанын түндүк бөлүгүнүн тургундары дагы арзан баада жана абдан ыңгайлуу жагымдуу сатып алууларды жасай алышат!

16-ноябрда Globus-"Эски базар" супермаркети салтанаттуу ачылды. Жаңы дүкөн Орозбеков көчөсү, 295г дарегинде ачылды. Бул эсеп боюнча соода тармагынын 46-дүкөнү жана ал өзүнүн бардык кардарларын ар дайым жаңы жана жогорку сапаттагы товарлардын кенен ассортименти менен кубандырат!

 

Пайдалуу сатып алуулар – бул Globus!

Бул жерде сиз күнүмдүк кичинекей сатып алууларды жасай аласыз жана каалаган учурда бардык керектүү товарларды алуу үчүн чоң сатып алууларды да жасай аласыз. Globus соода тармагы менен мыкты өндүрүүчүлөр жана жабдуучулар кызматташат, бул дүкөндүн кардарлары үчүн жогорку сапатты жана жеткиликтүү бааны кепилдик берет.

Globus дүкөндөрүндө топтоочу карта ээлери үчүн эң күчтүү лоялдуулук программасы бар. Ал бонустарды топтоого, товарларды атайын арзандатуу менен сатып алууга жана жагымдуу сюрприздерди алууга мүмкүндүк берет.

Ыңгайлуулук жана коопсуздук – бул Globus!

Пайдалуу жана жагымдуу сатып алуулардан тышкары Globus дүкөндөр тармагынын ар бир коногун чыныгы ыңгайлуулук күтүп турат.

Globus дүкөндөр тармагында дүкөнгө баш баккан ар бир кардарга ыңгайлуу болушу үчүн абдан кам көрүлөт – кенен өтмөктөр, товарлардын ыңгайлуу жайгашуусу, текчелердин жана витриналардын жарыктыгы, жылуу түстөр гаммасы, бул дагы соода кылууну ыңгайлуу, пайдалуу жана коопсуз кылган нерселердин толук тизмеси эмес.

Жаңы Globus-"Эски базар" дүкөнү бардык дүкөндөр тармагы сыяктуу эле өрт коопсуздугу, санитардык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп берет. Анда ыңгайлуу унаа токтотуучу жай бар жана муну бардык айдоочулар жогору баалайт.

Тезинен Globus'тарга – төмөн баалар дүкөндөрүнө шашылыңыз!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу