Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Globus өлкө боюнча кулачын жаюуда!

10.08.2022

Бүгүн эсеп боюнча 44-Globus дүкөнүнүн ачылышы болду! 

Жаңы дүкөн Ош облусунун Куршаб айылында А.Камчыбеков көчөсү 128 дарегинде жайгашкан. 

Бардык Globus дүкөндөрүндөгүдөй эле, бул жерде да товарлардын кеңири ассортименти, текчелердин ыңгайлуу жайгашуусу – бул ар бир келген кардар үчүн ыңгайлуу! Ошондой эле, албетте, Globus'тун өздүк өндүрүшүнөн выпечкалар, торт, даяр тамактар ​​жана салаттар бар!

Ошондой эле Globus менен сиз жакшы үнөмдөй аласыз!  Анткени текчелерде ошондой эле өздүк соода маркасындагы продукциялар — эң сонун сапаттагы жана арзан баадагы эң зарыл товарлар гана коюлган.


Globus'тун топтоочу картасы жагымдуу кошумча болот, анын жардамы менен сатып алуулар дайыма арзан болот! Картаны бекер алыңыз же мобилдик тиркемени орнотуп, кошумча арзандатууларды алыңыз. Бонус топтоңуз жана бонустар менен төлөңүз: 1 бонус = 1 сом.

ООБА! Globus тармагында баалар ар дайым төмөн!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу