Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

ЧЕМПИОНДОР КОМАНДАСЫ!

15.04.2022

10 апрелинде Globus дүкөндөр тармагы Bakai Bank Jaz Demi чуркоосунун өнөктөшү болду 

Жөө күлүктөр үчүн тамактануучу жайларда банан жана апельсиндерди бердик. 

Ошондой эле дегустация зонасында да өнөктөш болдук, ал жерден жарыштын катышуучулары жана күйөрмандары биздин өндүрүштүн жана №1 бренддин азыктарынан даам татышты. 

Анан албетте, жарышка биздин кесиптештер да катышты! Алдын ала катталып, өзү үчүн 5, 10 же 21 чакырым аралыкты тандап, ийгиликтүү басып өтүштү. 

Биз спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз жана сиздерге жеңил старттарды жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу