Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Жеткирип берүүчүлөрдү тандап алуунун шарттары

Биз берүүчүлөр менен Келишимдерди КР колдонуудагы мыйзамдарынын, анын ичинде КР Жарандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун талаптарына ылайык түзөбүз.

Берилген продукцияга коюлган талаптар:

  • Товарлар жана алардык таңгактары КР мыйзамдарынын жана Тармактын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
  • Товарлар жана таңгактар Берүүчү менен Тармактын ортосунда макулдашылган үлгүгө ылайык келүүгө тийиш;
  • Товарга КР аймагында сатууга уруксат берилген, камакка, күрөөгө коюлган эмес, үчүнчү жактардын укугуна өткөрүлүп берилген эмес;
  • Товардын жарамдуулук мөөнөтү ал Тармакка берилген күнү товардын белгиленген жарамдуулук мөөнөтүнүн 85%нан төмөн болбошу зарыл;
  • Тармактын ылайыктуу форматындагы дүкөндөрдүн ассортименттик матрицасында бош орундун болушу;
  • Берүүчү кардарлардын товарга болгон керектөөсүн тастыктаган маркетингдик жана башка изилдөөлөр боюнча маалыматты берүүсү жана аны Тармактын дүкөндөрүндө сатуунун экономикалык натыйжалуулу тууралуу корутунду чыгара ала турган негиздүү эсеби болуусу зарыл.
  • Товар тийиштүү форматтагы дүкөндөрдө Тармактын маркетингдик жана баалык саясатына туура келет.

Келишим түзүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

ЖЧК жана башка юридикалык жактар – төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү:

  • Устав;
  • Келишимге кол коючу директорду дайынтуу жөнүндө чечим (буйрук);
  • Салыктык каттоо мүнөздөмөсүнүн параметрлери;
  • Бар болсо КНС боюнча каттоосу;
  • Документтер директор же башка бухгалтер тарабынан юридикалык жактын колу же мөөрү менен тастыкталуусу зарыл;
  • Директордун жана башкы бухгалтердин ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү;
  • Эсеп тууралуу банктан алынган справка.

Күбөлүк боюнча иштеген жеке ишкерлер – физикалык жактар төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн:

  • Салык төлөөчүнүн ишмердигинин мүнөздөмөсүнүн параметрлери;
  • КНС боюнча каттоо, бар болсо;
  • Документтен «ЖИ» менен күбөлөндүрүлүүсү жана мөөр менен тастыкталуусу зарыл;
  • ЖИ ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү;
  • Эсеп тууралуу банктан алынган справка.

Патент боюнча иштеген жеке ишкерлер – физикалык жактар төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн:

  • Патенттин көчүрмөсү жана ЖИ ID-картасынын (паспортунун) көчүрмөсү
  • Эсеп тууралуу банктан алынган справка.

Типтүү келишим

Акцияны берүү үчүн типтүү шаблон

Кайра баалоону берүү боюнча типтүү шаблон

Планограммаларды жүктөө үчүн типтүү шаблон