Сатып алуулардын тизмеси азырынча бош

Биздин командага кошулуңуз!

Биздин командага кошулуңуз!
15.03.2022

Эгер сиз туруктуу жана өз убагында төлөнүүчү жумуш издеп жүрсөңүз, анда бизге келиңиз! 
Globus дүкөндөр тармагында төмөнкү жумуш орундары бар: 

  • Сатуучулар
  • Кассирлер
  • Товарларды комплекттөөчүлөр
  • Коопсуздук кызматынын кызматкерлери
  • Техникалык персонал
  • Жүк жүктөгүчтөр
  • Наабайчылар

Биздин дүкөндөр тармагында иштөөнүн артыкчылыктары:

  1. Биз сизди Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин мыйзамдарына ылайык расмий түрдө жумушка алабыз. Биздин кызматкерлер жумушка расмий орношуу аркылуу насыяны оңой ала алышат.
  2. Эмгек акыңызды өз убагында төлөйбүз. 
  3. Бизде сиз ыңгайлуу графикте да иштей аласыз.
  4. Биз жумушка тажрыйбасы жок эле алабыз, анткени биз үйрөтөбүз! Биздин ар бир кызматкер бекер окуу курсунан өтөт. 
  5. Биз эмгек жана декреттик өргүү, ооруп калгандагы жана башка төлөмдөрдү төлөйбүз.
  6. Айдын жыйынтыгы боюнча премияларды, ийгиликтүү насаатчылык үчүн премияларды, мыкты адистик үчүн баалуу белектерди беребиз. 
  7. Сиз биздин дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн 30% чейин корпоративдик арзандатууларды аласыз.


Биз сизди төмөнкү даректен күтөбүз: Чолпон-Ата көч., 16 (ориентир – PROMZONA түнкү клубу)
Сурап-билүү үчүн телефондор: 0312900238(249), 0701570029, 0703381521, 0701205036, 0701519043

 

 

Жаңылыктардын тизмесине кайтуу